USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ошто сарык оорусу күч алды. Күнүнө он бала ооруканага кайрылууда

10:14, 17 января 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунуда сарык ооруусу күч алды. Бул тууралуу аймактык телеканал маалымдайт.

Маалыматта учурда Ош шаардык ооруканада 20 бейтап гепатиттин «А» түрүнөн дарыланып жатканы айтылат. Күнүнө болжолдуу 10дой бала даарыгерлерге кайрылат. Булардан тынымсыз дарыгердин көзөмөлүнө муктаж делгени гана стационарга жаткырылууда.

Белгилей кетсек, жылына Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар стационарында 550гө жакын бейтап дарыланып чыгат. Ал эми өлкө боюнча өткөн жылдын алты айында 3032 адамбул илдетке чалдыккан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18