USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түркияда жүргүнчү учак деңизге кулап кете жаздады

09:19, 15 января 2018, Бишкек - 24.kg

Анкарадан Трабзонго учуп келген «Боинг 737-800» учагы 14-январда учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аварияга кабылды. Ал жарга такалып, аз жерден деңизге кулап кете жаздаган.

Pegasus Airlines компаниясына таандык учактын бортунда 168 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү болгон. Эч ким жабыркаган жок, жүргүнчүлөр лайнердин арткы бөлүгүндөгү эшик аркылуу эвакуацияланышты.

Окуянын себептери иликтенүүдө. Авариядан кийин аэропорт бир нече саатка жыбылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18