USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Суроо-жооп. Кыргызстан жарандарына дин тутуу эркиндигин кепилдейт

11:00, 10 января 2018, Бишкек - 24.kg

«24.kg» агенттигинин окурмандарынан келип түшкөн суроолорго Дин маселелери боюнча маалымат жана кеңеш берүү борборунун адистери (теолог, юрист, психолог) жооп берет.

Суроо: Ата-энем акыркы жылдары динди катуу кармап баштады. Намаз окуп, орозо кармап, исламдын

талаптарын толук аткарат. Мен кудайга ишенбейм. Бирок, ата-энем мусулмандык милдеттерди аткарууга мажбурлап жатат.

Жооп: Динге мажбурлоо туура эмес. Ага ар бир адам өз калоосу жана ички жан дүйнөсү менен келиши керек. Эч ким бирөөнүн күчү менен динге берилбейт. Ал алдоо болуп саналат. Бул куранда дагы айтылган.

Андан тышкары, биздин өлкөнүн башкы мыйзамына ылайык ар бир жаран дин тутуу эркиндигине ээ. Сиз каалаган диниңизге ишенип, же ишенбей, кааласаңыз атеист болуп жашай аласыз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18