USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ошто шамал шаардык балатынын жасалгаларын учуруп кетти

15:01, 27 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында катуу шамал балатанын жасалгаларын учуруп кетти. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине түштүк мэриясы ырастады.

Алардын айтымында, шамал баннерлер менен бирге балатыга илинген жасалганы да учуруп кетти. Ош шаары балатыга жана шаарды жаңы жылга кооздоого 900 миң сом сарптады.

Катуу шамал Тажикстандын Ходжент шаарында дагы балаты кулатты.

Ходжент

Ал эми 25-декабрда Астана шаарында жаңы орнотулган балаты өрттөнүп кетти. Казак ЖМКсынын маалыматында, былтыры Алма-Ата шаарындагы балаты күйүп кеткен. 

Астана

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18