USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ош мэри «Алай» футбол клубу 1 миллион сом тапшырды

12:00, 27 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев «Алай» командасынын чемпиондук наамы жана 50 жылдык маарекеси менен куттуктап, клубка 1 млн сом акча каражатын тапшырды. Бул тууралуу каала мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Ош шаарынын «Алай» футбол клубу акыркы 3 жылдан бери өлкө чемпиондугун эч кимге бербей келет.

Кийинки жылы футболдук клубу командасынын алдыда Өлкөнүн футбол боюнча чемпионаты менен катар Азия конфедерациясынын кубогу үчүн мелдеш күтүп турат.

Мэриянын маалыматында, 2017-жылы жергиликтүү бюджеттен 19 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн.

1965-жылы «Шахтер», 1994-жылы «Ош-Алай-пирим», 1996-жылы «Динамо-Алай», ал эми 2003-жылдан бери «Алай» футбол клубу аталып, 50 жылдык жолду басып өттү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18