USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шавкат Мирзиеев Каримовдун бийлигинин дагы бир талабын жокко чыгарды

08:59, 21 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

1-январдан тарта Өзбекстанда билим берүү жана медицина кызматкерлери темир-тезек тапшыруудан бошотулат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев 18-декабрда кол койгон токтомдо айтылат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашкандай, документ Өзбекстанда ондогон жылдардан бери окуучулар менен башка билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларын темир-тезек тапшырууга милдеттендирип келген бул тажрыйбаны толугу менен жоюуну көздөйт.

Буга чейин Өзбекстанда мугалимдер, окуучулар жана медицина кызматкерлеринен тышкары фермерлер менен бала бакчадагы балдардын ата-энелери дагы ар дайым темир-тезек ташырууга же анын ордуна акча төлөөгө милдеттендирилип келгени бир канча жолу кабарланган.

Декабрдын башында Анжиян мэри шаардагы билим берүү жана медициналык мекемелерди, ошондой эле маале комитеттерин тез арада 600 тонна темир-тезек тапшырууга милдеттендирген. Андан тышкары Ферганада, Ургенчте жана Нукуста дагы мугалимдер, окуучулар жана дарыгерлер темир чогултууга тартылганы маалымдалган.

Жергиликтүү бийликтер темир-тезек чогултуу талабы өкмөттүн атайын жобосунун негизинде киргизилгенин жана анын аткарылышын көзөмөлдөө райондук жана облустук акимчиликтерге жүктөлгөнүн бир канча жолу билдиришкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18