USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Адахан Мадумаров: Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун жеке баатыры

14:50, 20 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

«Алмазбек Атамбаев  - Сооронбай Жээнбековдун жеке баатыры» - деп «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мурдакы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эл баатыры наамын алууга татыктуу эмес. 

«Казакстан менен мамилени бузуп, килейген учак кулап, канча адамдын өмүрүн алса дагы, анын кожоюнун таба албаган жетекчи кантип баатыр болсун?» - деди саясатчы.

Адахан Мадумаров учурда бийликте соодалашуу жүрүп жатканын айтып өттү.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18