USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чүй каналынын боюнда сөөгү табылган ымыркайдын энесине кылмыш иши козголду

09:08, 19 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Чоң чүй каналынын боюндагы «Жасмин» кафесинде сөөгү табылган ымыркайдын энесине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алардын маалыматында, «Өз баласын өлтүрүү» беренеси менен иш козголду. Бирок, баласын өлтүргөн

эненин ким экендиги аныктала элек.

Баланын сөөгү азыр моргто. Ага экспертиза дайындалды. Алдын-ала билдирүүлөр боюнча, ымыркай суукка тоңуп өлдү.

Эскерте кетсек, ымыркайдын сөөгү 14-декабрда табылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18