USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Депутаттар Баткенге көмүлгөн мумияны кайра казып алууну сунуштайт

15:20, 13 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку кеңештин депутаттары жерге берилген мумияны кайра Тарых музейине кайтарууну сунуштайт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутаттык топтун мүчөсү Алмазбек Токторов билдирди.

Анын пикиринде, мумия балуу экспонант катары музейде туруп, изилдениши керек.

«Мумияны казып алууда түшүнбөстүктөр болбошу үчүн УКМК менен макулдашуу керек. Андан тышкары, аны жерге берүүгө жол бергендердин жоопкерчилиги каралсын», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Тарых музейинде 60 жылдан бери турган мумия быйыл Баткен облусунда жерге берилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18