USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Иштебей турган ишканаларга салык салуу сунушталууда

17:21, 07 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Иштебей турган ишканаларга салык салуу сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда айтылды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун билдирүүсүндө, учурда үч ири ишкана токтоп турат. Алар — Айдаркен комбинаты, Кызыл-Кыя тамеки заводу, Кайынды кабель заводу.

«Бул ишканаларды ишке киргизүү аракети көрүлүп жатат. Айдаркен заводу үчүн инвестор таптык», — деди Дүйшөнбек Зилалиев.

Фонддун жетекчисинин билдирүүсүндө, баардык мүмкүнчүлүгүнө карабай, иштебей турган ишканалар дагы бар.

«Менчик ишкана иштебей турса, ага салык киргизүүнү да ойлоп турабыз. Албетте аны ишке ашыруу керек. Жыл сайын андай ишкананын салыгын көбөйтүп туруу керек», — деди Дүйшенбек Зилалиев.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18