USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбекстан туристтик визанын мөөнөтүн узартты. Эми бир ай өлкөнү кыдырууга болот

08:52, 06 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан бир айга берилүүчү, баасы 40 долларга чейин турган туристтик визаны киргизди.

Жергиликтүү медиа кабарлагандай, туристтик виза берүү тартиптерин өзгөртүү президент Шавкат Мирзиёевдин 4-декабрдагы жаңы токтомунун негизинде кабыл алынды.

Чет өлкөлүк жарандарга виза 30 күнгө берилет. Буга чейин бул мөөнөт 7 күндөн 15 күнгө чейин гана болуп, узартууга туура келген учурларда көйгөйлөр жаралып келген.

Туристтик визанын наркы 60 доллардан 40 долларга чейин төмөндөтүлдү. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, жогорку тариф Өзбекстанга саякаттоо чечимин кабыл алууда терс фактор болуп келген.

Мындан тышкары 5 кишиден жогору болгон учурда визаны тобу менен алса болот. Бул визалардын наркы ар бир турист үчүн 15 күндүкү 15 долларды түзсө, 30 күндүкү 25 долларга бааланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18