USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

1778 кыргызстандык чет өлкөдө түрмөдө олтурат

14:39, 04 декабря 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын 1778 жараны учурда ар түрдүү кылмыштары үчүн чет өлкөлөрдө абакта отурат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Имангазиев билдирди. Анын айтымында, сыртта кесилгендердин көпчүлүгү Орусияга, Казакстанга жана Тажикстанга туура келет.

Ал эми Кытайда ушу тапта 18 киши жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Быйыл алардын экөөнү Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси чечилди.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевдин өткөн аптада Жогорку Кеңеште айтканы боюнча, кыргыз өкмөтү мигранттардын укугун коргош үчүн 2018-жылга 27 млн. сом бөлүп жатат. Ал парламентте чет жерде иштеген мигранттардын саны 717 миң адам экенин билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18