USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Москвада «Таблик-Жамаат» уюмунун мүчөсү болгон кыргызстандык эки жылга соттолду

10:07, 30 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Москванын Бабушкин соту кыргызстандык Кубанычбек Садыровду эки жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу ТАСС маалымдайт.

Кубанычбек Садыров 2016-жылы 22-декабрда экстремизмге шектелип, Росия жана Казакстандын жарандары менен бирге кармалган. Сот аны Россияда тыюу салынган «Таблик-Жамаат» уюмунун мүчөсү деп тапты.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, кармалган жарандар диний экстремисттик ойлорду таркатышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18