USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Улуттук банк ай башынан бери тогузунчу жолу доллар сатты

10:01, 29 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк ай башынан бери тогузунчу жолу доллар сатты. 28-ноябрда банк дагы бир жолу сомдун наркын кармоо аракетинде интервенция жүргүзүп, 4,5 миллион доллар сатты.

8-ноябрдан бери банк мамлекеттин алтын валюталык резервинен сомдун наркын кармоо үчүн 42,65 милллион доллар чыгымдады.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Кулматов 20-сентябрда Улуттук банкка төрага болуп дайындалды. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеген. Кесиби боюнча тарыхчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18