USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

КСДП коалициялык көпчүлүктүк курамынан чыкты

17:59, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин КСДП фракциясы коалициялык көпчүлүктүк курамынан чыкты. Бул тууралуу фракция лидери Алмаз Кененбаев кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул чечим коалициялык көпчүлүктүк пландарына байланыштуу. КСДПнын ордун кайсы фракция басары белгисиз.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңеште беш фракция бар. Анын үчөө — КСДП, «Республика — Ата Журт» жана «Кыргызстан» көпчүлүктө, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Мекеним Кыргызстан» оппозицияда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18