USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Укук коргоочулар эки аялы бар Чубак ажы Жалиловду жоопко тартууну талап кылышат

11:38, 28 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Укук коргоочулар эки аялы бар Чубак ажы Жалиловду жоопко тартууну талап кылышат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Кылмыш шамы» борборунун директору Азиза Абдрасулова билдирди.

Анын айтымында, мурдакы муфтий мыйзамдарды тебелөө менен бирге, башкаларды дагы кылмышка түртүп жатат. 

«Башкы прокуратура кайрылып, укуктук баа беришин талап кылабыз. Негизинен ишти кароого негиз бар.

Анткени, Чубак ажы Жалилов өзү ачык моюнга алып жатат. Андан тышкары, кылмыштуу жашыруу деген да жоопкерчилик бар. Биз баарыбыз Чубак ажынын кылмыш жасаганына күбө болдук. Аны жашырбай укук коргоо органдарына билдиришибиз керек» - дейт Азиза Абдрасулова.

ИИМ эгер арыз түшсө, мурдакы муфтийдин экинчи аял алгандыгы тууралуу билдирисин карап чыгууга даяр. 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18