Сокулуктагы абактан төрт айыпталуучу качып кетти
11:02, 27 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ
Чүй облусунун Сокулук районундагы убактылуу кармоочу жайдан төрт айыпталуучу качып кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.
Төртөө тең талап-тоноо айыбы менен кармалган.
Милициядан сырткары, Жаза аткаруу кызматкерлери дагы издөө иштерине тартылат.