USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өлкө башчысы чындыкты философдордон эмес, диний окуулардан издерин айтты

14:15, 20 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Алмазбек Атамбаев философдордун окууларын анчейин жактырбай бербейт. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйынтыктоочу маалымат жыйынында жакшы көргөн ойчулу боюнча суроого жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, ал көп суроолорго жоопту  ислам, христиан жана буддизм диндериндеги окуулардан табат. Андан тышкары «Манас» эпосун кайра окуп чыгып турат.

«Көптөр жакшы көргөн Макиавеллини мен анча жактыра бербейм. Мисалы ал айткан «тил ойду жашыруу үчүн керек» - деп. Мен тескринче, ачык айтканды жактырам. Негизинен кууланбаш керек» - деди президент.   

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18