USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жалал-Абад шаарынан лөлү кайырчылар чыгарылды

14:24, 10 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад шаарынан 30дай лөлү кайырчы чыгарылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Алынган маалыматка караганда, шаар тургундарынын арызынын негизинде коомдук ашканаларда, жол кыймылы күч алып турган жолдордо башка аймактардан келген 30га чукул лөлү тектүү кайырчылар кармалган жана алар келген аймактарына кайра чыгарылган.

Мэриянын билдирүүсүндө, кайырчылардын көпчүлүгү Жалал-Абадка Өзбекстандан жана Ош облусунан келишкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18