USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда бир нече айга жетерлик бензин бар

17:58, 09 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бир нече айга жетерлик бензин бар. Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана кен байлыктар боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

Алардын маалыматында, өлкөдөгү мунай зат кампаларында 43 миң 412 тонна күйүүчү май бар. Анын 24 миң 709 тоннасы бензин, 18 миң 703 тонна дизель майы бар.

Комитеттин билдирүүсүндө, 19-октябрдан 8-ноябрга чейин 55 миң 720 тонна күйүүчү май алынып келинди.

Кара-Балта шаарындагы мунай зат иштетүүчү «Жунда» заводунда 74 миң тонн чийки зат сакталууда.

Эскерте кетсек, бүгүн депутат Исхак Пирматов парламенттин жыйынында өлкөдөгү бензин бир гана жетерин айтты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18