USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ренат Самудиновдун АКШда убактылуу кармалуучу жайда экендиги аныкталды

15:36, 09 ноября 2017, Бишкек - 24.kg

Ренат Самудинов жана Элнура Молдокадырованын АКШда убактылуу кармалуучу жайда экендигин Тышкы иштер министрлиги ырастады.

Алардын маалыматында, Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова 18-октябрда кармалышкан. АКШнын Иммиграциялык кызматы кыргыз жарандарында өлкөгө кирүүгө визасы жок болгондугун жана саясый башпаанек сурашканын билдирди. 

Учурда алар убактылуу кармалуучу жайда жана Кыргызстандын элчиги менен байланышкан эмес. 

Эскерте кетсек, Ренат Самудинов жайында президенттикке талапкерди көрсөтүүдө праймериз өткөрүү сунушунан кийин КСДП партиясынан чыгарылган. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18