USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Арстандын күчүгүн Бишкектин тургуну өз эрки менен алып келип, зоопаркка тапшырды

17:49, 02 ноября 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Бишкектин көчөлөрүндө арстандын күчүгү менен сейилдеп, сүрөткө түшүнүү дагы сунуштап жүргөн жаран өзү укук коргоо органдарына келди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Бугу-Эне» коомдук фондунун президенти Салтанат Сеитова билдирди.

Анын айтымында, ал жырткычтын баласын фондко тапшырып, зоопаркка өткөрүлүшүнө макул болду. Ага Акжолтой деген ысым коюлду.

«Жаныбарды сатып алган кишини жакшы билбейт экен. Эт азыктары менен тамактантып жүрүптүр. Күчүк үч айлык окшойт. Бирок, ал киши беш айлык дейт. Аны азырынча Каракол зоопаркында кармайбыз. Кийин балким башка зоопарктардан түгөй табылып калат» — деди Салтанат Сеитова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18