USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түгөлбөй Казаковдун ордуна куудул, журналист жана драматург ат салышууда

14:36, 30 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төрт талапкер ат салышууда. Бул тууралуу маалыматты парламенттен ырасташты.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим жана маданият комитетинин жыйынында талапкерлер талкууга алынды.

Кызматтан кеткен Түгөлбай Казаковдун ордуна куудул Күмөндөр Абылов, президенттин аппатарынын бөлүм башчысы Элвира Сариева, драматург Султан Раев жана журналист Султан Жумагулов көрсөтүлүп жатат.

Эскерте кетсек, Түгөлбай Казаков Тарых музейиндеги мумиянын чырына байланыштуу кызматтан алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18