USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Жалал-Абадда жер титиреди

09:26, 27 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Кечээ түнү, 21.43тө Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт. 

Маалыматта зилзаланыны күчү 4 баллга жеткендиги айтылат.  Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 6 чакырым түндүк-батышта, Көк–Жангак шаарынан 27 чакырым түштүк-батышта, Сузак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта жайгашты. Жалал-Абад шаарында жана  Сузак, Жар-Кыштак айылдарында - 3,5 балл, Көк-Жаңгак шаарында, Массы айылында 3 баллды түзгөн.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18