USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Талас аксакалдары «Манастан» үзүндү угуудан баш тарткандыгын себебин түшүндүрдү

13:28, 26 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Таластын аксакалдары эмнеге «Манастан» үзүндү угууга баш тарткандыгын түшүндүрдү. Бул тууралуу алар бүгүн «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Аксакалдардын айтымында, 16-октябрда Талас шаарында өткөн митингдери окуя туура эмес айтылып жатат.

«Облус жетекчиси Дайыр Кенекеев чөнтөгүнөн кагазды алып чыгып, ошонон «Манасты» окуп бермей болду. Бирок, митингчилер эпостон үзүндүнү манасчынын гана оозунан угарын айтышты» — дейт Төрөбек Кешенбаев.

Маалымат жыйынга катышкандар, алардын өлкө башчысына таарынычын Өмүрбек Бабановдун шайлоодогу утулушу менен байланыштырбоону өтүнүштү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18