USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Президенттин инагурациясынан кийин кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал чечилет

11:22, 26 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Жаңы шайланган президенттин инагурациясынан кийин кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал чечилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек стөлдө казак талдоочусу Жаксылык Сабитов билдирди.

Талдоочунун пикиринде, келишпестиктин олуттуу жана калыс себеби жок. Андыктан, Кыргызстандын жаңы президентти ишке кириши менен маселе чечилет.

«Чек арадагы чатак шайлоо учурундагы түшүнбөстүктөрдөн улам пайда болду. Учурда кырдаалды курчутуу аракети көрүлүп жатат. Алмазбек Атамбаев бийликтен кетмейин өзгөрүү болбойт», — дейт Жаксылык Сабитов.

Жаксылык Сабитов Сооронбай Жээнбеков баарын жаңыдан баштап, улуттук кызыкчылыктарды өйдө коеруна ишенет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18