USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте курулуп жаткан үй урап түштү

15:46, 23 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкекте курулуп жаткан үй урап түшүп, 6 киши жабыркады. Бул тууралуу маалыматты «24.kg» агенттигине Бишкек шаардык медициналык тез жардам кызматынан ырасташты.

Алардын айтымында, эки курулушчу оор жаракат алды. Анын бири Улуттук госпиталга, бири Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилди.

Түштүк магистралдагы имараттын экинчи кабатын курууда, пайдубалы ураган. Күбөлөрдүн айтымында, жабыркагандарды «103» кызматынан тышкары жеңил унаа менен дагы алып кетишти.

Айрым маалыматтар боюнча, имарат «Авангард стиль» курулуш ишканасына тиешелүү болчу.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18