USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Киров суу сактагычынын суусу агызылып баштады

09:50, 19 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Киров суу сактагычынын суусу агызылып баштады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Суу чарбачылыгы жана мелиорация департаментинин директору Кокумбек Таштаналиев билдирди. 

Анын айтымында, сууну кечээ, 18-октябрда кое беришмек. Бирок, Манас районунун дыйкандары жана Казакстандын Жамбыл облусунан бир күнгө жылдыруу сунушу түшкөн. 

Учурда суу сактагычта 30 миллион кубометр суу бар. Суу 5-6 күн ичинде агып бүтөт. Оңдоо иштери 15 күндө аяктары маалымдалат. 

 

 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18