USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шайлоодон кийин Жогорку Кеңеш ишин жандантты

10:08, 18 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйыны төрага Чыныбай Турсунбековдун жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековду куттуктоосу менен башталды.

Ал эми «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов отурумга келген жок.

Аталган фракциянын жаңы депутаты Зарылбек Рысалиев ант берди. Андан кийин депутаттар бул айдын календардык планын бекитишти.

Эскерте кетсек, парламент шайлоо алдында эки аптага эс алууга таркаган. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18