USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Таласта 500дөй киши жөө жүрүшкө чыкты

15:14, 16 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Талас шаарында борбордук аянтка 500дөй киши топтолду. Бул маалыматты «24.kg» агенттигине облустук ИИБсынан ырасташты.

Алардын айтымында, топтолгондор шайлоо жыйынтыгына нараазычылык билдирүүдө. Айрым маалымат каражаттары алар жөө жүрүшкө чыгарын маалымдашты.

Бүгүн маалымат жыйында Өмүрбек Бабанов тарапташтарын чагымдан алыс болууга чакырган. Ал эч кандай каршылык акцияларын өткөрбөстүгүн, шайлоонун жыйынтыгын моюнга аларын айткан.

«Биздин келечегибиз алдыда. Бул шайлоо менин командамды бириктирип, бекемдеди» — деди Өмүрбек Бабанов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18