USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Сооронбай Жээнбеков туруктуулук жана реформалар үчүн добушун берди

11:45, 15 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Жазгуль МАСАЛИЕВА

Президенттикке талапкеп Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы № 1327 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал журналисттерге «өлкөдөгү тынчтык, туруктуулук жана реформалардын уланышы үчүн» добушун бергендигин билдирди.

Талапкердин айтымында, шайлоого айыгышкан күрөш жүрдү.

«Баардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлдү. Күрөш катуу болду. Бирок, башынан эле элдин колдоосуна ишенгенбиз. Андыктан, жеңиш дагы биз тарапта болот деп ойлойбуз» — деди Сооронбай Жээнбеков.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18