Кыргызстандык жүк ташуучулар дагы эле россия-казакстан чек арасында кармалууда
12:10, 13 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ
Кыргызстандык жүк ташуучулар дагы эле россия-казакстан чек арасында кармалууда. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине жүк ташуучулардын көз-карандысыз кошунунун төрагасы Дастан Мирякубов билдирди.
Анын айтымында, Россиянын Оренбург облусунда Маштакова өткөрүү бекетинде ондогон айдоочулар Кыргызстанга өтө албай турушат. Чек арачылар ар кандай себеп менен аларды кармашууда.