USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Чүй облустук өкүлчүлүгү Казакстанга өтүүгө үч оңой жолду сунуштайт

17:27, 12 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Чүй облустук өкүлчүлүгү Казакстанга өтүүгө үч оңой жолду сунуштайт. Маалыматка караганда,  «Токмок», «Кең-Булуң» жана «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекети иш тартибин өзгөрткөн жок. Унаа жана жүргүнчүлөрдун тыгыны азыраак. Аталган көзөмөл-өткөрүү бекеттери унааны 20-25 мүнөттө текшерип өткөрүп жатканын билдирет. 

 Өкмөттүн облустук өкүлчүгү 50 миң сом бөлүп, «Токмок», «Кең-Булуң» жана «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрүү бекетиринде тургандар үчүн ысык тамак уюштурду. 

Эскерте кетсек, Казакстандын чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөндүгүнө байланыштуу, кыргыз-казак чек арасында унаа жана жүргүнчүлөрдүн тыгыны жаралды. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18