USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Президентикке талапкердин шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзү текшерилет

15:55, 03 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Оштун Он-Адыр аймагында сүйлөгөн сөзү текшерүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматта талапкердин Он-Адырда сүйлөгөн сөзү текшерип, экспертиза жүргүзүү үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлгөнү маалымдалат.

Башкы прокурутура анын жыйынтыгына карата баа бермекчи.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов Он-Адырдагы жолугушууда бир этностун өкүлдөрүнүн алдында сөзүн айрымдар чагымчылдык катары баалашты. Боршайкомго дагы бул боюнча бир нече арыз түшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18