USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Парламент депутаттары «Мегакомдун» чай ташыган ишкерге сатылышына каршы

12:10, 27 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңеште Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы «Альфа-Телеком» ишканасынын сатыгы (MegaCom) боюнча отчет берип жатат.

Депутат Жанар Акаев чай сатып иштеген ишкерге уюлдук компанияны сатуу туура эмес деп эсептейт.

«Компанияны ири корпорация сатып алыш керек. Мында күмөн бар. Бул аял эмне жеке өзүнө сатып алып жатабы?» — деди Жанар Акаев.

Мамлекеттик мүлк фонду алардын сунушудан Кытай жана Түркиядагы ири ишканалар баш тартканын билдирди.

Парламент атайын комиссия түзүп, бул темага кайра кайрылмакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18