USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өзбек валютасынын девальвациясы сомго таасир берген жок

11:05, 26 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Өзбек валютасынын девальвациясы сомго таасир берген жок. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. 

Анын айтымында, Өзбекстандын улуттук валютасын эркин агымга коюу чечими Кыргызстандын финансалык рыногуна таасир берген жок. 

«Буга чейин Өзбекстан валюта расмий жана көмүскө сатылып келген. Чек арага жакын райондордогу калк көмүскө базардагы нарк менен акча алмашып келишкен. Эми расмий нарк базар баасына теңелди», — деди Нурбек Жениш.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18