USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бакыт Төрөбаев түз эфирден баш тартты

12:27, 22 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Президентикке талапкер Бакыт Төрөбаев «Биринчи радио» уюштурган дебаттарга катышуудан баш тартты. Бул тууралуу түз эфирде белгилүү болду.

Буга чейин Бакыт Төрөбаевдин штабы талапкердин Өмүрбек Бабанов менен тандемге биригип жаткандыгы тууралуу расмий билдирүү таркаткан. Бирок, ал азырынча талапкерлигин алып сала элек.

Түз эфирде президентикке талапкер Таалатбек Масадыков сүйлөп жатат. Ал көпчүлүк талапкерлердин шайлоо программасы Конституцияга дал келбестигин билдирди. 

«Президент эконимикага жооп бербейт. Ага карабай айрым талапкер экономиканы кошуп сунуштоодо. Менин программ тартип жана мыйзамды орнотууга негизделген» - дейт ал.

Шайлоо 15-октябрда өтөт.  

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18