USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Боршайкомдун төрт мүчөсү алардын иштөөсүнө бут тосулуп жатканын билдирди

15:18, 20 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Боршайкомдун төрт мүчөсү аларга бут тосулуп, иштетпей жатышканын билдиришти. Атыр Абдырахматова, Назаралы Арипов, Елена Жылкычиева жана Гүлнара Журабаеванын айтымында, отурумда карала турган иш кагаздары аларга алдын-ала жөнөтүлбөй, жарандык коомдон түшкөн арыздар көрсөтүлбөй жатат.

Атыр Абдрахматова БШКнын бир да укуктук актыларында жыйынга катыша албаган мүчө кат жүзүндө билдирүүсүн талап кылган жобо жок.

«Алтыга он беш мүнөткө калганда телефон чалып, отурумга чакырат. Келбесең каршылык көрсөтүү катары баалашат. Бизге алдын-ала жыйындын күн тартибин да биришпейт. Азыр БШКда бийликти узурпациялоо аракети көрүлүүдө», — деди Атыр Абрахматова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18