USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Американын президентинин айкелин чийген кыргызстандык студент соттолот

12:53, 20 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Американын 16-президенти Авраам Ликольндун Вашингтон шаарындагы айкелин чийген кыргызстандык студенттин соту октябрь айына белгиленди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт.

ТИМдин билдирүүсүндө, Вашингтон полициясы Кыргызстандын жараны көркоолук айыбы менен кармалганын ырастады. Анын соту октябрдын башына белгиленди.

«Элчилик Нуртилек Бакиров менен байланышты. Ага укуктук жардам көрсөтүүгө даяр. Студент кылгандыгы үчүн өкүнүчүн билдирди» — деп айтылат маалыматта.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18