USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Муфтият жума намазга келген мусулмандардан жолдо тыгын жаратпоону суранат

15:36, 18 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ

Муфтият жума намазга келген мусулмандардан жолдо тыгын жаратпоону суранат. Бул тууралуу «24.kg» Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Социалдык тармакта жума намаз күнү Борбордук мечитке жакын көчөлөрдө тыгын жаралып, токтотулган унаалар жолду тороп калганына нараазы пикирлер айтылган.

Муфтияттын билдирүүсүндө, буга чейин дагы мечит имамдары намазга келгендерге бир нече жолу унааларын алысыраак токтотууну суранышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18