USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Келдибеков менен Масалиев шайлоодон биоротоло четтетилди

10:19, 15 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы төрагасы Ахматбек Келдибеков менен парламенттин депутаты Исхак Масалиев президенттик шайлоого катыша албайт. Кечээ Жогорку сот Боршайкомдун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, БШК Ахматбек Келдибековду президентикке талапкер катары каттоодон баш тарткан. Ага парламенттин мурдакы төрагасынын соттолгон мөөнөтү аяктай электиги себеп болгон.

Исхак Масалиев топтогон колдордун көпчүлүгү жараксыз деп табылгандыктан каттоого алынган эмес. Талап боюнча 30 миңден кем эмес кол топтоо керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18