USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы паспортторду берүүгө жетишпей жаткандыгын айтат

10:31, 12 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Юлия КОСТЕНКО

Чет элдик паспорт октябрга чейин бир эмес, эки айда даярдалат. Бул тууралуу «24.kg»  агентигине мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мекеменин айтымында, жаңы биометриялык паспорт алууну каалагандардын саны абдан көп болууда. Кызматкерлердин көпчүлүгү ички паспорт- ID-картты берүүгө тартылды. 

«Андыктан, чет элдик паспортуу даярдоого кол жетишпей, бир ай эмес эки ай кетүүдө. Октябрда кадимки иш күн тартибине өтүп, талап кылынган мөөнөттө даярдап бере баштайбыз», — деди мамлекеттик каттоо кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы айрым паспорт бөлүмдөрүндө тыгын жаралып, элдер документтерин убагында ала албай жаткандыгы маалымдалган. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18