USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кемпирин өлтүргөн абышка дарыланууга жөнөтүлдү

17:45, 07 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Ош шаардык сотун 79 жаштагы кемпирин мууздап өлтүргөн 83 жаштагы чалга өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттон билдиришти. 

Алардын айтымында, 83 жаштагы чал психикалык жактан жабыркаган деп аныкталып, Кызыл-Жар

айылындагы ооруканага дарыланууга жөнөтүлдү. Ага карата кылмыш иши токтотулат. 

Эскерте кетсек, бул окуядан кийин Ош шаарынын Жапалак айылында спирт ичимдиктери сатууга тыюу салынган. Чалдын кемпирин өлтүргөн кезде мас экендиги маалымдалган. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18