USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда карылардын көпчүлүгү неберелерин кароо менен алек

11:26, 04 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Кыргызстанда ар бир төртүнчү 75 жаштан ашкан чоң-эне жана чоң-ата аптасына беш жолу неберелерин кароо менен алек. Бул тууралуу «Кыргызстандын кары-картаңдары» жөнүндөгү изилдөөнүн жыйынтыгында айтылат. 

Изилдөөдө маалымдалгандай, алар чогуу жашабаган неберелерине күнүнө барып, кам көрүшөт.  

«Карылыктын башында (50-54 куракта) алар үй жумушунун көпчүлүк бөлүгүн аткарышат. Коммуналдык акынын 90 пайызын төлөшөт жана азык-түлүктүн 83 пайызын сатып алышат жана чогуу эс алуу үчүн 76 пайыз чыгымды көтөрөт. 80 жаштан ашкандар арасында дагы үй жумушунун төрттөн бир бөлүгүн аткаргандар бар», — деп баяндалат.

Изилдөө жүргүзгөн топтун айтымында, Кыргызстанда айрым айылдарда жалаң кары-картаңдар жана жаш балдар жашайт.

«Дүйнө салган кишини жере бере турган адам жок айылдар дагы бар» - деп айтылат. 

 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18