USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Шайлоого ат салышкан эки талапкердин топтогон колдору жараксыз деп табылды

09:30, 04 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Президенттикке ат салышкан эки талапкердин топтогон колдору жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШК маалымдайт. 

Каныбек Шаймыбеков Боршайкомго 38 миң 660 кол тапшырган. Анткен менен текшерүү үчүн тандалып алынган 7 миң 732 кол жараксыз деп табылды. 

Андан тышкары Темирбек Асанбеков топтогон 33 миң 461 колдун 22 миң 560и ырасталган жок. 

Ал эми Таалатбек Масадыков, Камчыбек Ташиев жана Улукбек Кочкоров тапшырган колдор таксыкталды. Алардын ар бири 30 миңдей кол топтогон. Аталган талапкерлер эми катталат. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18