USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Өлкө боюнча 467 мугалим жетишпейт

12:59, 29 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Анастасия БЕНГАРД

Өлкө боюнча 467 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди. 

Анын айтымында, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн аймактарга бөлүп жөнөтүштү. Алардын канчасы көрсөтүлгөн аймактагы мектепке иштөөгө даярдыгы 5-сентябрдан кийин гана белгилүү болот. 

«Акыркы беш жылда мектептер мугалимдер менен жакшы камсыз болуп калышты. Ага чейин өлкөдө 3 миңден ашык педогог жетишпейт болчу», - деди Марат Үсөналиев.

Бул жылы 121 миң бала биринчи класска барат. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18