USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Москва районунда айыл өкмөтүн шайлоодон чыккан чатак чечилген жок

10:02, 21 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Чүй облусунун Москва районунда айыл өкмөтүн шайлоодон чыккан чатак дагы эле ырбоодо. Бул тууралуу «24.kg» агентигине айыл өкмөтүнөн билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Александровка, Беш-курук, Крупской айылдарынын депутаттары кворум жоктугунан айыл өкмөтүн шайлай алышкан эмес. Бирок, ага карабай кеңеш өзүн-өзү таркатууга баргысы жок. Ага жергиликтүү шайлоо комиссиясы дагы көз жумуп коюуда.

Айрым депутаттардын билдирүүсүндө, Москва районунун акими азыркы айыл өкмөтү Ибрагим Багини экинчи мөөөнөткө ат салышуудан баш тартып, талапкерлигин алып салууну талап кылууда. Аким дагы бир талапкер Бошкубаевди колдоп жаткандыгы айтылат. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18