USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Текебаевдин соту. «Ата-Мекен» лидери акыйкаттык жеңерине ишенет

16:02, 16 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Биринчи май райондук сотунда Текебаев/ Чотонов соту уланууда. Түштөн кийин «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге акыркы сөз берилди.

Өмүрбек Текебаев алгач Дүйшөн Чотоновдун саясый жолуна сереп салып, ал бир катар жогорку мамлекеттик кызматтардан баш тарткандыгын айтып өттү.

Айыпталуучу ага жана Чотоновго коюлган айыптоолор саясый өңүттө жасалып токулгандыгын белгилеп, акыйкаттык бир күн жеңерин белгиледи.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18