USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Мэр Бишкек качан «Акылдуу шаарга» айланарын айтып берди

16:53, 15 августа 2017, Бишкек - 24.kg
Суйунбек ШАМШИЕВ

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов «Таза коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешмеде «Акылдуу шаар» тууралуу айтып берди.

Анын билдирүүсүндө, жол коопсуздугун, светофорду башкаруу, автомобилдердин ылдамдыгын ченеген жана башка маалыматтарды топтогон фото-видео аппарат Чүй (Турусбеков- Сүйүнбаев) жана Манас (Жибек жолу мамлекеттик резиденция) проспектисине орнотулат

«Пилоттук долбоорлорду жакшы ишке ашырган компания Бишкек жана Ош шаарларында дагы ишти колго алат», — деди мэр.

Албек Ибраимовдун маалыматында, «Акылдуу шаар» долбоору жол коопсуздук эрежелерин бузуудан топтолгон айып пулдан каржыланат.

Эскерте кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык топтолгон айымдардын 50 пайызы жергиликтүү бюджетте калат. 10 пайызы ИИМге, 40 пайызы финансы министрлигине өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18