USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигинде миллиондогон уурулуктун бети ачылды

14:59, 14 августа 2017, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу 12 мекемеде аудитордук текшерүү болуп, жыйынтыгында 44 миллион сом уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине министр Талант Батыралиев билдирди. 

«Кээ бир жетекчилер боюнча жакшы пикирлер бар болчу. Текшерүүнүн жыйынтыгында жок кишилерге акча чегерилип жаткандыгы аныкталды. Финансалык ката кетирген жетекчилер жазасын алышат. Биз салык төлөөчүлөрдүн акчасын иштеткенден кийин ар бир тыйын үчүн жооптуубуз», — дейт министр.

Кайсы мекемеден канча сом уурдалгангы ачыкталбайт. Министрдин айтымында, буга чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыгы башкача болгон. 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18